Дүйнөлүк футболдун мыкты борбордук форварддары аталды

Дүйнөлүк футболдун мыкты борбордук форварддары аталды. Рейтингдин сап башында Польша курамасынын жана мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски жайгашат.

 

Экинчи орунда Норвегия курамасынын жана “Боруссиянын” жаш жылдызы Эрлинг Холланг турат. Үчилтикти жылдыздуу француз Килиан Мбаппе жабат. Мыктылардын катарында ошондой эле Гарри Кейн, Ромелу Лукаку жана Карим Бензема бар. Ал эми Криштиану Роналду 5-орунду ээледи.