Кытайда учуучу унаа тартууланды

Кытайда учуучу унаа тартууланды. “Xpeng” компаниясы чыгарган унаа седан формасында, 3 эшиги жана 2 отургучу бар. Ал төмөн бийиктикте учууга ылайыкталган.

 

Рулдан тышкары кабинада абада кыймыл үчүн жойстик сыяктуу башкаруу баскычы бар. Унаанын узундугу 5,5 метр жана башка машинелерге салыштырмалуу жеңил. Абада ал саатына 130 чакырымга чейин учат.