Президенттин администрациясында Кырдаалдык борбор пайда болду

Президенттин администрациясында Кырдаалдык борбор пайда болду. Өлкө башчынын жана министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү боюнча президенттик администрациянын Кырдаалдык борбору түзүлөт.

 

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

 

Буга чейин президенттик администрацияда кадрдык дайындоолор болуп, төрт башкармалыкка жетекчи дайындалган.