Парламенттик шайлоого 31 эл аралык байкоочу катталды

Парламенттик шайлоого 31 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Комиссиянын маалыматына ылайык, аккредитацияны КМШнын өкмөт аралык ассамблеясы, эл аралык фонддун өкүлдөрү, Түркиянын жогорку шайлоо кеңеши алышты.

 

Байкоочуларга чакырууларды жөнөтүү уланууда. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Бул ирет добуш берүү аралаш система менен өтөт.