Жогорку Кеңеш шайлоосуна бюллетендер 21-ноябрга чейин даяр болот. БШКнын маалыматына ылайык, аймактык шайлоо комиссияларына документтер 23-ноябрга чейин жеткирилип, шайлоо тилкелерине бюллетендер добуш берүүгө 1-2 күн калганда таратылат.
Буга чейин маалымдалгандай, бюллетендердин тексти бекитилген.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Добуш берүү бул ирет аралаш система менен уюштурулат.