Улуттук банктын төрагасына жаңы орун басарлар дайындалды

Манас Жакыпов Улуттук банктын орун басары болуп дайындалгандыгын президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Мындай буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.

Жакыпов учурда 46 жашта. 2021-жылдын август айынын ортосуна чейин «ФинансКредитБанк» ЖАКнын директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп турган.

 

Мындан мурдараак Жапаров Улуттук банкка дагы бир жаңы орун басарды – Заир Чокоевди дайындаган.

Мамлекет башчынын башка буйруктары менен Мээрим Момункулова жана Айнура Тезекбаева орун басарлык кызматтан бошотулган.