Ошто жаштар үчүн креативдүү хабдын курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, бул жер жаштар шаарды өнүктүрүү боюнча идеяларды талкуулап, чыгармачылык, инновациялык иш-чаралар менен жолугушууларды уюштурууга ылайыкташкан аянтча болот.
Хабдын курулушуна жалпысынан 10 миллион сомдон ашык жумшалат. Каражатты демөөрчүлөр бөлүп берди.