WhatsApp мессенджеринин иши жеңилдетилүүдө

WhatsApp мессенджеринин иши жеңилдетилүүдө. WABetaInfo порталынын маалыматына ылайык,  колдонуучу жаңы функцияны иштеткенден кийин анын смартфону бузулуп калса да WhatsApp тиркемесине кирүү үчүн кайра авторизациядан өтүп отурбайт.

 

Бир аккаунтту төрт түзмөктө иштетсе болот. Көптөн күткөн функция Android жана iOS системаларында жаңы бета версиясында иштеп баштады.