Кыргызстанда жашылча 8,5 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда жашылча 8,5 пайызга кымбаттады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, баалар быйыл октябрда сентябрга салыштырмалуу түзүлдү. Алсак, барынан көп капуста – 14 пайызга жана картошка – 9 пайызга наркын жогорулатты. Ал эми бадыраң жана помидордун баасы 2 пайызга көтөрүлдү.

Лейлек районунда кичи ГЭСтин курулушу баштады

Лейлек районунда кичи ГЭСтин курулушу баштады. Турмуш басылмасы билдиргендей, иштер Өзгөрүш айылындагы Козу-Баглан дарыясынын жээгине жүрүп жатат жана ага жергиликтүү тургундар дагы тартылат. ГЭСтин сметалык баасы 7 миллион долларды түзөт. Каражатты ички инвестор бөлүп берет. Келечекте, Кадамжай жана Баткен райондоруна дагы ушундай чакан ГЭСтерди куруу… Кененирээк…

Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы АКШда дагы бир сыйлыкка татыды

Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы АКШда дагы бир сыйлыкка татыды. Тасма Лос-Анжелесте өткөн Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында «Көрүүчүлөрдүн симпатиясы» сыйлыгын алды. Кинодогу башкы каармандын образын жараткан Артур Аманалиев көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп, жогорку чеберчилиги таң калтырды. Эске салсак, буга чейин ушул эле тасманын режиссёру Артыкпай Сүйүндүков  Стамбулда… Кененирээк…

Ош шаарында муниципалдык ипотекага турак жайлар берилип баштайт

Ош шаарында муниципалдык ипотекага турак жайлар берилип баштайт. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов билдирди. Анын айтымында, калаадагы 170 батирлүү эки үйдүн курулушу жыл аягына чейин бүтөт. Алар алгачкы ирет муниципиалдык ипотека программасынын алкагында курулду. Ипотека 4 пайыздык үстөк менен 12 жылга… Кененирээк…