Балыкчы – Барскоон унаа жолун куруу иштери уланууда

Балыкчы – Барскоон унаа жолун куруу иштери уланууда. Кеп, тилкенин Балыкчыдагы шакекчеден Кара-Шаар айылына чейинки 25 чакырымы тууралуу болуп жатат. Иштер 90 пайызга аяктады. Учурда жол менен бирге көпүрө жана түтүктөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Долбоордун биринчи этабын ишке ашырууга 798 миң доллар багытталат. Иштердин… Кененирээк…

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан мамлекетке 12 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген факты аныкталды

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан мамлекетке 12 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары өткөрүлгөн тендердин шартын бузуу менен, алдын ала сүйлөшүү аркылуу аткарылбаган жана… Кененирээк…

Бишкектин жолдору кардан тынымсыз тазаланууда

Бишкектин жолдору кардан тынымсыз тазаланууда. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолдорго бүгүн таңдан тери 44 тонна туз себилди. Бул үчүн 35 атайын техника тартылды. Иштерди 600 кызматкер жүргүзүп жатат. Ордо калаада жолдор менен катар тротуар жана аялдамалардын айланасындагы кар, муздар дагы тазаланып жатат.

Кыргызстанда “Спутник Лайт” вакцинасы менен эмдөө ушул жумада башталат

Кыргызстанда “Спутник Лайт” вакцинасы менен эмдөө ушул жумада башталат. Препарат бүгүнтөн тартып Бишкек жана Чүй облусундагы эмдөө түйүндөрүнө бөлүштүрүлөт. Эртеңден тартып республиканын аймактарына жеткирилет. Бул тууралуу Novosti.kgге республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, вакцина бир компоненттүү, андан улам ал бир эле дозада… Кененирээк…

Төө-Ашуу ашуусунда жана Боом капчыгайында туман түшүп, кар жаап, жол тайгак болушу күтүлүүдө

Төө-Ашуу ашуусунда жана Боом капчыгайында туман түшүп, кар жаап, жол тайгак болушу күтүлүүдө. Синоптиктердин маалыматына ылайык, аба-ырайынын шарттары бүгүн, эртең начарлайт. Бишкек – Ош жана Бишкек – Торугар унаа жолуна сапарга чыга турган айдоочуларга унаалар ортосундагы аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай, каршы тилкелерге чыкпастан өзгөчө этият… Кененирээк…

Сербиянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо утуп алды

Сербиянын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо утуп алды. Мындай ийгилик сербиялык футболчулар тандоо турунун акыркы беттешинде португалиялыктарды уткандан кийин жаралды. Лиссабондо өткөн А тайпасынын оюну 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Криштиану Роналду башында туруп экинчи болгон команда эми өткөрмө… Кененирээк…

Кыргызстанда түшүмдүн көлөмү азайды

Кыргызстанда түшүмдүн көлөмү азайды. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салытырмалуу быйыл буудайдын түшүмү 42 пайызга, арпа – 46 пайызга, май өсүмдүктөрү — 25,5 пайызга жана бакча өсүмдүктөрү – 13 пайызга аз жыйналды. Андан тышкары, мөмө-жемиштер – 4 пайызга, дан жүгөрү — 3,7… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 16-ноябрда Бахрейн менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 16-ноябрда Бахрейн менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до башталат. Мелдеш Эр-Риф шаарында улуттук стадиондо өтөт. Эске салсак, буга чейин биздин спортчулар 11-ноябрда сингапурдун футболчуларын 2:1 эсебинде жеңип алган. Оюндар 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна тандоо туруна даярдануунун… Кененирээк…

Ош шаарындагы айрым көчөлөрдө унаалардын кыймылы өзгөрөт

Ош шаарындагы айрым көчөлөрдө унаалардын кыймылы өзгөрөт. Калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, эң көп унаа тыгыны катталган — Масалиев – Навои, Масалиев– Монуев, Курманжан-Датка – Навои, Ленин – Навои жана Курманжан-Датка – Айтиев көчөлөр кесилишинде жол чырактын цикли өзгөрөт. Андан тышкары, Масалиев-Раззаков-Бабараимов көчөлөр кесилишинен… Кененирээк…