Ош шаарында муниципалдык ипотекага турак жайлар берилип баштайт

Ош шаарында муниципалдык ипотекага турак жайлар берилип баштайт.

Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов билдирди.

Анын айтымында, калаадагы 170 батирлүү эки үйдүн курулушу жыл аягына чейин бүтөт.

Алар алгачкы ирет муниципиалдык ипотека программасынын алкагында курулду.

Ипотека 4 пайыздык үстөк менен 12 жылга берилет. Шаардык кеңеш бекиткен жобого

ылайык, батирлер мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерге,

мугалимдер жана дарыгерлерге жеткиликтүү болот.