Садыр Жапаров президент алдында билим берүү жана жаштарды колдоо фондун ачуу жарлыгына кол койду

Садыр Жапаров президент алдында билим берүү жана жаштарды колдоо фондун ачуу жарлыгына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчы администрациясынын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ага ылайык, буга чейинки Билим берүү фонду Билим берүү жана жаштарды колдоо фондуна өзгөртүлөт. Андан тышкары, фонддун ишин тейлөөчү атайын комиссия түзүлдү.

“Түндүкэлектр” туумду кыскартуу боюнча акция баштады

“Түндүкэлектр” туумду кыскартуу боюнча акция баштады. Бөлүштүрүүчү компаниянын маалыматына ылайык, анын алкагында карызы бар керектөөчүлөр              31-декабрга чейин бересесин төлөсө, чегерилген туум толугу менен чийилет.   Абоненттер каражатын гана үнөмдөбөстөн, бересеси барлардын кара тизмесинен чыгарылат, — дешти компаниядан. Кененирээк маалыматты 1209 чалуу борборунан алса болот.

Калкка электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салынды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Калкка электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук энерго холдингден жарыялашты. Анын маалыматына ылайык, электр энергиясын колдонуу режимин бузган керектөөчүлөрдүн электр менен суу жылыткан казандары өчүрүлдү.   Ал эми жылытуучу шаймандар тууралуу айта турган болсок, алар катардагы керектөөчүлөрдүн эмес,… Кененирээк…

Жаңыланган Улуттук тарых музейи расмий түрдө ачылды

Жаңыланган Улуттук тарых музейи расмий түрдө ачылды. Салтанатта «Манас» айтылып, театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү. Эми эртеңден тартып жарандар үчүн музейге 10 күн бою акысыз кире алышат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат. Эске салсак, Мамлекеттик тарых… Кененирээк…

Кыргызстанда ноябрда октябрга салыштырмалуу көмүрдүн баасы 10 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда ноябрда октябрга салыштырмалуу көмүрдүн баасы 10 пайызга кымбаттады. Учурда кара отундун бир тоннасы 5 миң 700 сомго барабар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Көмүргө болгон эң жогорку баалар Ноокатта — тоннасы – 10 миң сомдон, Баткенде – 9 миң 700 сом жана Исфана–… Кененирээк…

19-20-ноябрда Жарандык коргонуунун атайын машыгуулары өтөт

19-20-ноябрда Кыргыз Республикасынын аймагында Жарандык коргонуунун атайын машыгуулары өткөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Атайын машыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында качкындарды кабыл алуу, аларды жайгаштыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди ырааттуу окутуу менен эки этапта өткөрүлөт. Бул… Кененирээк…

Кыргызстанга алынып келинген унаалардын саны 2,5 эсе азайды

Кыргызстанга алынып келинген унаалардын саны 2,5 эсе азайды. Былтыр быйылкыга салыштырмалуу өлкөгө 22 миң 400 унаа ташылып келген. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, биздин өлкөгө машинелер 25 өлкөдөн импорттолот. Көбүнчө Россия, Түштүк Корея жана Грузиядан келет. Ошондой эле өлкөлөр тизмесинде Австралия жана… Кененирээк…

Талас облусунда катталган катуу шамал 1 миллион сомдон ашык зыянга учуратты

Талас облусунда катталган катуу шамал 1 миллион сомдон ашык зыянга учуратты. Бул тууралуу Жарандык коргонуу комиссиясынын эсебине таянып өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Эске салсак, 17-ноябрда ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен бороон болуп, андан Манас жана Кара-Буура районундагы мектептин, мечиттин, унаа өткөрмө бекетинин, ФАПтын жана бир… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл апрелден октябрга чейин электр энергиясын керектөө лимити 10,4 пайызга ашты

Кыргызстанда быйыл апрелден октябрга чейин электр энергиясын керектөө лимити 530 миллион кВт/с же 10,4 пайызга ашты. «Улуттук энергохолдингден» эскертишкендей, жарандар белгиленген лимитти сактабаса Токтогул суу сактагычында нымдуулук тартылып, электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилиши мүмкүн. Апрелден сентябрга чейин башкы резервуарга суунун агып кириши акыркы 4 жылда… Кененирээк…

Талас облусунун кире беришиндеги аркага заманбап жарыктандыруу жабдуу орнотулду

Кечээ, 18-ноябрда Өтмөк ашуусунда жайгашкан Талас облусунун кире беришиндеги аркага заманбап жарыктандыруу жабдыктары орнотулду. Маалым болгондой, жабдыктар күндүн нурунан энергия алып, түндө жарык берип турат. Быйыл жазында Талас облусунун аркасы жана Манастын эстелигинин тегереги толук түрдө реконструкциядан өткөрүлүп, иретке келтирилген. Мындан тышкары жүргүнчүлөр эс алып… Кененирээк…