Кыргызстанда көмүр дагы 10 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда көмүр дагы 10 пайызга кымбаттады.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Андан белгилешкендей, учурда кара отундун бир тоннасынны орточо баасы 5 миң 706 сомду түзөт.

 

Эң кымбат баа Ноокатта – 10 миң сомдон ашык, Баткенде 9 ми н 718, ал эми эң арзан көмүр Чаек айылынын тургундарына жеткиликтүү – тоннасы 2 миң 500 сомдон, Балыкчыда 4 миң сомдон. Эске салсак, 12-октябрда Министрлер кабинети 3 айга көмүрдүн наркын мамлекет тарабынан жөнгө салууну киргизгенине карабай, баалар дагы эле көтөрүлүүдө.