Шайлоодогу мыйзам бузууларды каттаган интерактив карта даярдалды

Кыргызстанда шайлоодогу мыйзам бузууларды каттаган интерактив карта даярдалды. Күнү-түнү иштеген kata.kg аянтчасында шайлоо жараянында активисттер, журналисттер, байкоочулар жана жөнөкөй жарандар тарабынан аныкталган эреже бузуулар чагылдырылат. Маалымат бөлүшүү жолдору картада оңой көрсөтүлгөн.

Бардык эреже бузуулар фото, видео, окуянын текст түрүндөгү түшүндүрмөсү, жана географиялык координаттар менен коштолот.

 

Картанын бетачары 19-ноябрда Бишкекте болду. Иш-чарага Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов да катышып, расмий аныкталган мыйзам бузуулар да бул онлайн платформага бөлүшүлөрүн айтты.

 

Долбоорду «ТВ Академиясы», Социалдык технологиялар агенттиги, «Жалпы иш», «Таза шайлоо», «Эгль» уюмдары биргеликте иштеп чыккан.

 

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.