Кыргызстан аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

Бүгүн, 19-ноябрда саат 07:01де Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КРнын сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ачык-Суу айылынан батышка карай 6 чакырым, Жар-Башы айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-чыгыш карай 90 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу конуштарында жер… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Арменияга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Армениянын Ереван шаарына Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, А.Жапаровду Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Армения Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Армен Гевондян жана Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы консулу Бабкен Седракян… Кененирээк…

Калкка электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салынып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Калкка электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салынып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу улуттук энергохолдингден билдиришти. Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын сактоо жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында энергетиктер тарабынан керектөөчүлөрдүн кубаттуулукту уруксат берилген көлөмдө колдонгону текшерилди. Анын алкагында, керектөөчүлөрдүн белгиленген көлөмдөн… Кененирээк…

1-декабрдан тартып Кант – Бишкек каттамы боюнча жол кире кымбаттайт

1-декабрдан тартып Кант – Бишкек каттамы боюнча жол кире кымбаттайт. Ысык-Ата райондук администрациясынан билдиришкендей, жүргүнчүлөрдү ташыган №371 маршруттук таксинин акысы 10 сомго көтөрүлөт. Буга чейин жол кире 35 сом болсо, эми 45 сом болот. Ал эми Кант шаарынын ички жолдорундагы маршруттук таксилерде жол кире акысы… Кененирээк…

Кыргызстанга Корея медициналык жардам көрсөттү

Кыргызстанга Корея медициналык жардам көрсөттү. Аталган өлкөнүн эл аралык кызматташуу агенттигинен билдиришкендей, жеке коргонуу каражаттары республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына тапшырылды. Жардам коргоо костюмдарынан, көз айнек, бахила, кол кап бет кап жана башкалардан турат. Жүктүн жалпы суммасы 7 миң долларды түзөт.

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун куруунун экинчи этабы башталды

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун куруунун экинчи этабы башталды. Кеп, Киркомстром аймагынан Бишкекке кире бариштеги унаа базарына чейинки бөлүк тууралуу болуп жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге унаа жана жолдор министрлигинин адиси Тагай Алимбаев билдирди. Анын айтымында, оңдоло турчу жолдун узундугу 7,5 чакырымды түзөт. Долбоорду ишке ашырууга… Кененирээк…

Милициянын кайгуул кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду

Милициянын кайгуул кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду. Ведомствонун маалыматына ылайык, шектүүнүн окуя болгон учурда жанында айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыккан. Ошондой эле анын “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнө элек 15 айыбы бар экендиги аныкталды. Бирок айдоочу камакка алынган жок. Тергөө иштери… Кененирээк…

Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 167 миллион сом түштү

Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 167 миллион сом түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. «Түндүк» системасы аркылуу банктардан алынган маалымат боюнча, каражат 21 саясий уюмдан чогулду. Сумманын 154 миллион сому шайлоонун чыгымдарына багытталды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрь, кийинки жекшембиде өтөт.… Кененирээк…

Кыргызстанда насыя алган адамдардын саны 490 миңден ашты

Кыргызстанда насыя алган адамдардын саны 490 миңден ашты. Быйыл январдан – сентябрга чейин микрокредиттик компаниялар аркылуу 27 миллиард 400 миллион сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу карызы бар адамдардын саны 10 пайызга азайды, бирок бересенин суммасы… Кененирээк…

Татарстандын президенти Рустам Минниханов Кыргызстанга келди

Татарстандын президенти Рустам Минниханов 18-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды. Миннихановдун сапарынын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө. Мындан тышкары, анын кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга… Кененирээк…