Бишкекте бейшемби күндөрү “Жөө жүрүүчү” рейди жүргүзүлөт

Бишкекте бейшемби күндөрү “Жөө жүрүүчү” рейди жүргүзүлөт.

 

Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, жолду туура эмес тилкеден өткөндөргө айып салынат. Административдик айып 1 миң сомго теңелет.

 

Ведомстводон такташкандай, кечээ рейддин алкагында ордо калаада 61 жөө жүрүүчүгө айып салынды. Мыйзамга ылайык, 70 пайыздык арзандатуу жөө жүрүүчүлөргө тиешеси жок, мындай жеңилдик айдоочуларга гана берилет.