Октябрь райондук милиция башчысынын орун басары кармалды

Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө боюнча орун басары Бегайым Турапова кармалганын 19-ноябрда “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, аны Аскер прокуратурасы алдамчылыкка шектелип жаткан Асыл Талиповага байланыштуу иштин алкагында 18-ноябрда кармады.

 

Ушул эле иш боюнча буга чейин анын жетекчиси, Октябрь райондук милициясын башкарып келген Уланбек Аалиев жана эки тергөөчүсү кармалган. Алар “Талипованы кыйноого алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган” деп айыпталууда.

Аалиевдин тарапташтары ага жалган жалаа жабылып жатканын айтып 29-октябрда Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар менен кошо бул акцияга Талиповага ири суммада акчасын алдырганын айткандар да чыгышкан.

 

Алар Аалиевдин тушунда Талиповага иш козголуп, өзү камакка алынганын, бирок кийин ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө боюнча башкы башкармалыгы өзүнө алгандан кийин Талипова үй камагына чыгарылганын, ал эми “акчасын сурап барган 23 кишинин экөөнү “акча опузалап жатат” деп камап коюшканын “Азаттыкка” айтып беришкен.