Бишкекте унаа айнектерин караңгылаткан айдоочулар аныкталып жатат

Бишкекте унаа айнектерин караңгылаткан айдоочулар аныкталып жатат.   Рейдди Кайгуул милиция кызматы жүргүзүүдө. Маалыматка ылайык, кечээ 5 саатта эле  13 унаа кармалып, ар биринин айдоочуларына 5 миң 500 сомдон айып салынды.   Транспорт айып токтотмого жеткирилди. Унаа айнектерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларды аныктоо боюнча иштер улантылат.

Ош шаары менен Папан айыл өкмөтүн байланыштырган жаңы көпүрө колдонууга берилди

Ош шаары менен Папан айыл өкмөтүн байланыштырган жаңы көпүрө колдонууга берилди.   Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл өкмөтүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, өтмөктү курууга 5 миллион сом Унаа жана жолдор министрлиги тарабынан бөлүнгөн.   Жаңы көпүрө 15 тоннага чейинки жүктү көтөрөт. Эске салсак, Ак-Буура дарыясындагы көпүрө 11-октябрда… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү май түгөнүп баратат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда күйүүчү май түгөнүп баратат деген маалымат чындыкка дал келбейт.   Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдиргендей, баалар кымбаттагандыктан, май куючу жайларды иштеткен чакан компаниялар жабыла баштады.   Россиянын заводдору дагы мунайды ири көлөмдө эмес, майда партиялар менен жөнөтүп жаткандыктан,  чоң компаниялар ташып жетишпей… Кененирээк…

Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары алмашты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси Курсанбек Бекташов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.   Президенттин башка буйругу менен ушул эле кызматка Марат Маралбаев дайындалды.