Кыргызстанда күйүүчү май түгөнүп баратат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда күйүүчү май түгөнүп баратат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдиргендей, баалар кымбаттагандыктан, май куючу жайларды иштеткен чакан компаниялар жабыла баштады.

 

Россиянын заводдору дагы мунайды ири көлөмдө эмес, майда партиялар менен жөнөтүп жаткандыктан,  чоң компаниялар ташып жетишпей жатат. Жыйынтыгында, күйүүчү май түгөнүп, айрымдары бензин жок туруп калууда, — деди Эшатов. Эске салсак, кечээ социалдык тармакта “бензин жок” деген жазуусу менен бир нече май куючу станциялардын видеосу жүктөлгөн.