Ош шаары менен Папан айыл өкмөтүн байланыштырган жаңы көпүрө колдонууга берилди.
Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл өкмөтүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, өтмөктү курууга 5 миллион сом Унаа жана жолдор министрлиги тарабынан бөлүнгөн.
Жаңы көпүрө 15 тоннага чейинки жүктү көтөрөт. Эске салсак, Ак-Буура дарыясындагы көпүрө 11-октябрда көмүр ташыган унаа өтүп бара жаткан кезде урап, машине сууга түшүп кеткен.