Таттуу суусундуктар адамдын мээсин каарытат

Таттуу суусундуктар адамдын мээсин каарытат. Мындай тыянакка Бостон университетинин окумуштуулары келди. Изилдөөгө 4 миң 200 адам катышкан. Алар когнитивдүү функциялардын деңгээлине текшерилди.   Жыйынтыгында, бир күндө    1 же 2 стакан таттуу суусундук ичкендер 6 жылга, андан көп ичкендер 11 жылга каарый турганы аныкталды. Тагыраак… Кененирээк…

Бишкекте 60тан ашык жөө жүргүүчүгө 1 миң сомдон айып салынды

Бишкекте 60тан ашык жөө жүргүүчүгө 1 миң сомдон айып салынды. Кайгуул милиция бөлүмү жөө жүрүүчүлөр үчүн өткөргөн рейдде бир суткада 750 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.   Анын алкагында, жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жерден адамдарды өткөрбөй койгон 64 айдоочуга айып салынды. Мыйзам бузуунун бул түрү үчүн… Кененирээк…

1-декабрдан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдарынын саны көбөйөт

1-декабрдан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдарынын саны көбөйөт.   Бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен кесиптеши Михаил Мишустиндин жолугушуусунда белгилүү болду.   Бирок каттамдардын так саны азырынча айтыла элек. Белгилеп кетсек, учурда эки өлкөнүн ортосунда жумасына алты жолу үзгүлтүксүз аба каттамдары… Кененирээк…

Ордо калаада авариялык оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн кечки саат 6га чейин айрым үйлөрдө жылуулукту берүү деңгээли төмөндөтүлдү

Ордо калаада авариялык оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн кечки саат 6га чейин айрым үйлөрдө жылуулукту берүү деңгээли төмөндөтүлдү. Мэриядан билдиришкендей, Будённый, Гражданская, Гоголь, Сыдыков, Карпинский, Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн бириктирген бөлүктө жана Чүй проспектисинде чектөөлөр киргизилди.   Ал эми ысык суу адаттагыдай эле берилет. Адистер келтирилген убактылуу… Кененирээк…

Таластагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун документациясын иштеп чыгууга 106 миллион сом жумшалат

Таластагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун документациясын иштеп чыгууга 106 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу кыргыз фондулук биржасынын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Эске салсак, аталган ГЭСтин курулушуна капсула август айынын аягында салынган. Объекттин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт, орточо жылдык электр энергиясы 92 миллион киловатт саатты түзөт.  … Кененирээк…

WhatsApp жаңы функцияны киргизет

WhatsApp жаңы функцияны киргизет. Ал колдонуучуларга баарлашып жаткандардын билдирүүлөрүнө ар кандай смайликтерди коюуга мүмкүнчүлүк берет. Мындай функция фейсбукта бар.   Белгилеп кетсек,  WhatsApp бул жаңычылдыкты бир нече айдан бери тестирлөөдөн өткөрүп жатат. Ал кийинки жаңыланууда жеткиликтүү болот деп пландалууда.

Ошто жаңы аялдамалар курулууда

Ошто жаңы аялдамалар курулууда. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, аялдама комплекстери Түштүк-Чыгыш кичи райондорунда жана Масалиев, Монуев көчөлөрүндө пайда болот.   Кийин дагы бул жаатта иштер улантылат – шаардын 2022-жылдын бюджетинин долбооруна аялдамаларды куруу боюнча сметалык документтер кошулду.

Жаңы жылдан кийин кыргызстандыктар эң аз дегенде 3 күн эс алат

Жаңы жылдан кийин кыргызстандыктар эң аз дегенде 3 күн эс алат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2022-жылга карата өндүрүш жылнааманы бекитти.   Ага ылайык, майрам күндөрү дем алышка туура келсе, анда кийинки күнү эс алуу жарыяланат. Келе жаткан жылдын 1-январы ишембиге туш болгондуктан, 3-январда жарандар… Кененирээк…

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп Максат Кадыркулов дайындалды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп Максат Кадыркулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.   Буга чейин Кадыркулов Нарын облусунун Ат-Башы районунун администрациясынын башчысы болуп эмгектенген.   Эске салсак, Кыргызстанда жаңы мыйзамга ылайык, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерин өлкө башчы дайындайт.

Жетинчи чакырылышка келген депутаттарга мандаттар Жаңы жылдан кийин тапшырылат

Жетинчи чакырылышка келген депутаттарга мандаттар Жаңы жылдан кийин тапшырылат.   БШКдан билдиришкендей, бул болжол менен январдын биринчи жарымында болот.   Комиссиядан кошумчалашкандай, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланат.   Эске салсак, добуш берүүнүн өзү ушул жекшемби, 28-ноябрда өтөт. Шайлоо аралаш система менен уюштурулат. Жетинчи чакырылышта… Кененирээк…