Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары алмашты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси Курсанбек Бекташов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 

Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.

 

Президенттин башка буйругу менен ушул эле кызматка Марат Маралбаев дайындалды.