Англис тилинде жылдын сөзү деп “вакцина” сөзү табылды

Англис тилинде жылдын сөзү деп “вакцина” сөзү табылды. Окумуштуулардын пикиринде дүйнө адамдары үчүн быйыл “вакцина” түшүнүгү жөн гана медициналык термин эмес, башка, чоң мааниге ээ болду.   Кандайдыр бир деңгээлде “вакцина” пандемияга чейинки, кадимки жашоону кайтарып келгендей болсо, айрымдары анын натыйжалуулугуна ишенген жок.

Бишкекте эртең “жөө жүрүүчү” рейди өтөт

Бишкекте эртең “жөө жүрүүчү” рейди өтөт. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, жолду туура эмес жерден өткөндөр 1 миң сомдон айыпка тартылат. Ушундай эле өлчөмдөгү административдик жаза велосипедчен адамдарга тиешелүү.   Жүргүнчүлөр жолдун ортосунан эле маршруттук таксилерден чыга калбашы керек, бул үчүн транспортту аялдамалардан токтотуу зарыл, —… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын саны дээрлик 8 пайызга көбөйдү

Кыргызстан калкынын саны дээрлик 8 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин жаңы изилдөөсүндө айтылат.   Соңку 5 жылда кыргызстандыктар жарым миллионго көбөйдү. Учурда өлкө калкынын саны   6,5 миллионду түзөт, анын 54 пайызы аялдар, 46сы эркектер.   Шаарларда аялдар   52 пайыз көрсөткүч менен басымдуулук… Кененирээк…

Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 40 пайызы кол менен саналып бүттү

Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 40 пайызы кол менен саналып бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.   Азырынча беш пайыздык босого чектен 7 партия өттү. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо  28-ноябрда өттү.  Алдын ала жыйынтыкты добуштарды автоматтык түрдө санаган… Кененирээк…

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга электробустарды сатып алууга 50 миллион доллар бөлүп берет

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга электробустарды сатып алууга 50 миллион доллар бөлүп берет. Анын 25 миллиону насыя болсо, калганы кайтарымсыз негизде ыйгарылат.   Каражаттын бир бөлүгү ошондой эле Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Долбоордон алкагында эскирген дизелдик автобустарды жана троллейбустарды алмаштыруу үчүн 120 заманбап аккумулятор менен… Кененирээк…

Кыргызстанга QR-код системасын киргизүү планда жок

Кыргызстанга QR-код системасын киргизүү планда жок. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Азырынча андай карала элек. Эске салсак, буга чейин соцтармактарда, бийлик кийинки жумадан тартып адамдын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган QR-код системасын киргизет деген маалымат тарады. Анда вакцина албай,… Кененирээк…

Гүлжигит Алыкуловдун трансфердик баасы бир миллион еврого көтөрүлдү

Казакстандын «Кайрат» футбол клубунда ойногон кыргызстандык Гүлжигит Алыкуловдун трансфердик баасы бир миллион еврого көтөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты оюнчулардын баасын аныктаган германиялык Transfermarkt басылмасы жазды. Муну менен Гүлжигит Казакстандын чемпионатындагы баасы жогору 1 5 футболчунун тизмесинде 13-сапка жайгашты. «Кайрат» менен ал быйылкы сезондо Казакстандын кубогу мелдешин утту. Ө… Кененирээк…

Бишкектин борборунда жыл аягына чейин дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтүп турат

Бишкектин борборунда жыл аягына чейин дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү эртең мененки саат 9дан 4кө чейин Раззаков менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт. Андан азык-түлүктөрдү ортомчусуз өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатып алса болот.

Улуттук банк кезектеги ирет коллекциялык тыйындарды чыгарат

Улуттук банк кезектеги ирет коллекциялык тыйындарды чыгарат. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси “Тарыхый окуялар” сериясынан “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл”, ошондой эле COVID-19 пандемиясын жеңүү үчүн эмгектенген бардык адамдарга ыраазычылык билдирүү максатында “Өмүр сакчыларына таазим!” коллекциялык тыйынын кое берди. Монеталардын номиналы “10 жана 1 сом”.… Кененирээк…

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылды

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, ипотекалык насыялар инвесторлордун эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен берилет. Бул өз кезегинде ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет. Мыйзамдын максаты – жарандарга турак жай жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.