Гүлжигит Алыкуловдун трансфердик баасы бир миллион еврого көтөрүлдү

Казакстандын «Кайрат» футбол клубунда ойногон кыргызстандык Гүлжигит Алыкуловдун

трансфердик баасы бир миллион еврого көтөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты оюнчулардын

баасын аныктаган германиялык Transfermarkt басылмасы жазды.

Муну менен Гүлжигит Казакстандын чемпионатындагы баасы жогору 1

5 футболчунун тизмесинде 13-сапка жайгашты.

«Кайрат» менен ал быйылкы сезондо Казакстандын кубогу мелдешин утту. Ө

лкө чемпионатында үчүнчү орунду ээледи.

Ал эми өткөн жылы Казакстандын чемпиону болгон.

Кыргыз футболчусу буга чейин эки ирет Азия чөлкөмүндө «Аптанын оюнчусу» жарышында жеңүүчү болгон.

Ал казакстандык команданын сабында ойноп Европа футболдук уюмунун

(УЕФА) Европа лигасы мелдешинде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу.

Гүлжигиттин мыкты дриблинги, чапчаңдыгы, коргоочуларды буйтап өткөн өзгөчө сапаттары үчүн казакстандык күйөрмандар ага «Кыргызстандык Месси» деп ат коюп алышкан.

Гүлжигит Алыкулов казакстандык командагы 2020-жылдын январында бир жылдык келишим менен беларустук «Неман» клубунан өткөн. Кийин оюнчу менен команда 2023-жылга чейин кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Ага чейин ал Бишкектин «Алга», Түркиянын «Анталиспор» клубдарында ойногон.

Футболдук карьерасын ал 2017-жылы Бишкектин «Дордой» клубунда баштап, эки жылдан кийин «Кыргызстандын мыкты футболчусу» наамын алган.

Жарым коргоочу Алыкулов учурда Кыргызстанда эң кымбат футболчу.

Экинчи сапта курама команданын капитаны, Россиянын «Енисей» клубунун

коргоочусу Валерий Кичин турат. Анын баасы 800 миң евро.