Улуттук банк кезектеги ирет коллекциялык тыйындарды чыгарат.
Өлкөнүн башкы каржы мекемеси “Тарыхый окуялар” сериясынан
“Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 30 жыл”,
ошондой эле COVID-19 пандемиясын жеңүү үчүн эмгектенген
бардык адамдарга ыраазычылык билдирүү максатында
“Өмүр сакчыларына таазим!” коллекциялык тыйынын кое берди.
Монеталардын номиналы “10 жана 1 сом”. Курамы күмүш жана жез-никелден.