Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга электробустарды сатып алууга 50 миллион доллар бөлүп берет

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга электробустарды сатып алууга 50 миллион доллар бөлүп берет. Анын 25 миллиону насыя болсо, калганы кайтарымсыз негизде ыйгарылат.

 

Каражаттын бир бөлүгү ошондой эле Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Долбоордон алкагында эскирген дизелдик автобустарды жана троллейбустарды алмаштыруу үчүн 120 заманбап аккумулятор менен иштеген автобустар сатып алынат.

 

Эки троллейбус автобазасы модернизациядан өтөт.