Бишкекте эртең “жөө жүрүүчү” рейди өтөт. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, жолду туура эмес жерден өткөндөр 1 миң сомдон айыпка тартылат. Ушундай эле өлчөмдөгү административдик жаза велосипедчен адамдарга тиешелүү.
Жүргүнчүлөр жолдун ортосунан эле маршруттук таксилерден чыга калбашы керек, бул үчүн транспортту аялдамалардан токтотуу зарыл, — дешет милициядан.