Кыргызстанда бут кийим чыгаруу боюнча жаңы ишкана ачылды

Кыргызстанда бут кийим чыгаруу боюнча жаңы ишкана ачылды. Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин маалыматына ылайык, продукция өлкөдө кайталангыс болуп эсептелет.

 

Анда жыл сайын 600 миң жуп бут кийим чыгаруу пландалууда. Өндүрүлгөн товардын 40 пайызы Казакстанга экспорттолот. Агенттиктен белгилешкендей, буга чейин курулуш мээлейлерин чыгаруу боюнча долбоор ишке кирген. Ошол долбоордон үнөмдөлгөн каражатка бут кийим өндүрүүчү ишкана ачылды.