Кыргызстан бюджетинин жыл башынан берки киреше бөлүгү 164 миллиард сомду түздү

Кыргызстан бюджетинин жыл башынан берки киреше бөлүгү 164 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 41 пайызга же 47 миллиард сомго көп.

 

Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон такташкандай, бир жыл мурда мамлекеттик бюджеттин кирешеси 116 миллиард сомду түзгөн. Жакшы көрсөткүч салык чогултуу 45 пайызга өскөндүгүнө байланыштуу.