Токмок шаарындагы кичи райондо кызыл зона убактылуу жабылды

Токмок шаарындагы кичи райондо кызыл зона убактылуу жабылды.

Бул тууралуу шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунун директору

Улан Дыйканалиев билдирди. Анын айтымында, медициалык мекемеде оңдоо

иштери жүргүзүлөт. Жаӊы лифт жана резервдик генератор  орнотулат.

Пневмонияга чалдыккандар Кемин жана Ысык-Ата ооруканаларына жөнөтүлөт.

Ковидге кабылган кош бойлуулар Токмок шаарындагы төрөт үйүнө жаткырылат.

Вирус менен оорубаган кош бойлуу аялдар Чүй райондук төрөт үйүнө кабыл алынууда.