Кыргызстан милициясы Жаңы жыл майрамдарына карата кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт

Кыргызстан милициясы Жаңы жыл майрамдарына карата кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Бизге Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 30-декабрдан 8-январга чейин өздүк курамды толугу өзгөчө тартипке өткөрүү пландалууда.

 

Учурда милиция кызматкерлери объектилердин жана эс алуу аймактарынын администрациясы менен биргеликте жаңы жылдык майрамдарга даярдыкты текшерип жатат. Өзгөчө көңүл мектептерде жана бала бакчаларда өрт коопсуздугуна жасалууда.