“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы 2022-жылдын башында ишке ашат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы 2022-жылдын башында ишке ашат.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын

башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Ал белгилегендей,

бул багыттагы иштер менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги алектенет.

Андан тышкары, Бишкек, Ош жана башка шаарларда камераларды орнотуу жана

монтаждоо иштери жүрүп жатат. Долбоорду кытайлык компания ишке ашырат.