“Электр станциялары” ишканасы 270 миң тонна көмүр сатып алат.
Бул максатта 850 миллион 500 миң сом багытталат. Муну менен
1 тонна кара отундун тоннасы 3 миң 150 сомдон айланат. Тандалган
жеткирүүчү компания алгач сунуштаган көмүрдүн абалын текшертүү
үчүн 20 миң тонна алып келиши керек. Сыноолор ийгиликтүү өтсө,
2022-жылдын январынан баштап май айына чейин
отунду ташуу ишке ашырылат.