«Унаа» мамлекеттик ишканасынын жалпы курамы Ички иштер министрлигине өтөт

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын жалпы курамы Ички иштер министрлигине өтөт.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын

башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында,

Унаа жана жолдор министрлигине караштуу жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөөчү

автоинспекторлор да ИИМге өтөт. Бирок азырынча канча кызматкер

ротация болору айтыла элек.