Кытай Кыргызстандын мектептерине колдоо көрсөттү

Кытай Кыргызстандын мектептерине колдоо көрсөттү. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул, окуу партасынын 360 комплекти, мугалимдер үчүн иш столдор, эмеректер, класстык жана интерактивдүү доскалар, ошондой эле лазердик проекторлор. Окуу эмеректери жана техникалык жабдуу түрүндөгү жардам республиканын аймактарындагы 15 мектепке бөлүштүрүлөт. жүктүн жалпы суммасы 2 миллион 600… Кененирээк…

Бүгүн өлкөнүн башкы балатысынын оту кечки саат 7де жанат

Бүгүн өлкөнүн башкы балатысынын оту кечки саат 7де жанат. Мэриядан билдиришкендей, кыш сулуусуна 5 миң метр гирлянд, дюралайт жана этностилдеги инсталяциялар илинди. Ал эми Ала-Тоо аянтына атайын диоддук чырак менен жасалгаланган туннель түрүндөгү 2 инсталяция орнотулду. Ошондой эле борбордук аянтта жаңырган жылдын символу болгон жолборсун… Кененирээк…

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясы курулат

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясы курулат. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. Маалыматка караганда, учурда долбоорду ишке ашыруу жолдору каралаып, талкууланып жатат. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө УКМКнын билим берүү ишмердүүлүгү Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында ишке ашырылууда.  

Кара-Кече кенинен көмүр казуу убактылуу токтотулду

Кара-Кече кенинен көмүр казуу убактылуу токтотулду. «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынан тастыкташкандай, тазалоо иштерине байланыштуу 20-декабрга чейин кара отун казылып алынбайт. Анын ортосунда көмүр Бишкек ЖЭБине үзгүлтүксүз жеткирилет. Буга чейин казылган запастар бар, — деп белгилешти ишканадан. Кошумчаласак, Кыргызстан быйыл энергетикалык чоң кризиске туш болду. Жетишсиздиктен… Кененирээк…

Бүгүн Садыр Жапаров башында турган команда футбол ойнойт

Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган. Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой… Кененирээк…

Быйыл дүйнөдө камакка алынган журналисттердин саны 20 пайызга өстү

Быйыл дүйнөдө камакка алынган журналисттердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга өстү. Бул тууралуу  “Чек арасыз кабарчылар” уюму (RSF) дүйнөдөгү басма сөз эркиндигин талдаган жаңы баяндамасында билдирди. Маалыматка ылайык, 1-декабрга карата дүйнө жүзү боюнча 488 журналист жана медиа кызматкерлери камакта жатат. Бул баш кеңсеси Парижде… Кененирээк…

 ИИМдин Ички аскерлер кызматынын каржы бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалд

ИИМдин Ички аскерлер кызматынын каржы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Талантбек Жоробеков кармалды. Бул маалыматты 16-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Сводка.АКИpress» редакциясына тастыктады. Ал ИИМдин Ички аскер кызматынан ири суммадагы акчаны уурдоо фактысы боюнча кармалган. Буга чейин Аскер прокуратурасы өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана… Кененирээк…

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азиянын зоналык чемпионатына катышат

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азиянын зоналык чемпионатына катышат. Спорт жана дене трабия департаментинен билдиришкендей, турнирге биздин өлкөдөн 14 волейболчу кыз барат. Мелдеш 21-29-декабрь аралыгынд а Бангладештин Дакка шаарында өтөт.  

Талас облусунда ири спорт комплекс курулат

Талас облусунда ири спорт комплекс курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Маалыматка караганда, объект Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жайгашат жана ал заманбап форматта салынат. Курулуш иштерине 50 миллион сом жумшоо пландалууда.

Кыргызстандан Афганистанга мунай зат ташылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстандан Афганистанга мунай зат ташылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Министрлер кабинетинин мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү аркылуу жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүүгө тыюу салган токтому күчүндө. Ошондой эле министрлер кабинетинин дагы бир токтомуна ылайык, мунай жана мунай… Кененирээк…