Бүгүн өлкөнүн башкы балатысынын оту кечки саат 7де жанат.
Мэриядан билдиришкендей, кыш сулуусуна 5 миң метр гирлянд,
дюралайт жана этностилдеги инсталяциялар илинди. Ал эми
Ала-Тоо аянтына атайын диоддук чырак менен жасалгаланган
туннель түрүндөгү 2 инсталяция орнотулду. Ошондой эле борбордук
аянтта жаңырган жылдын символу болгон жолборсун жана бугунун
сөлөкөтү пайда болот. Муну менен катар ордо калаанын
борбордук көчөлөрү дагы жаңы жылга карата жасалгаланды.