ИИМдин Ички аскерлер кызматынын каржы бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалд

ИИМдин Ички аскерлер кызматынын каржы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Талантбек Жоробеков кармалды. Бул маалыматты 16-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Сводка.АКИpress» редакциясына тастыктады.

Ал ИИМдин Ички аскер кызматынан ири суммадагы акчаны уурдоо фактысы боюнча кармалган. Буга чейин Аскер прокуратурасы өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн 946 миң 866 сом бюджеттик каражат уурдалганын аныктаган.

ИИМдин Ички аскер кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, капитан Жоробеков 15-декабрдын кечинде кармалган. Ал Жазык кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча шектелүүдө. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Ошондой эле, басма сөз кызматы Жоробеков 2019-жылдын сентябрынан 2021-жылдын августуна чейин каржы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, андан кийин жеке арызынын негизинде кызматтан бошотулганын билдирди.