Кыргызстандан Афганистанга мунай зат ташылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстандан Афганистанга мунай зат ташылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Министрлер кабинетинин мамлекеттик чек аранын

кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү аркылуу жарандарды, унааларды жана

жүктөрдү өткөрүүгө тыюу салган токтому күчүндө. Ошондой эле министрлер кабинетинин дагы

бир токтомуна ылайык, мунай жана мунай заттарын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо

убактылуу токтотулган. Белгилеп кетсек, Pajhwok басылмасы Кыргызстандан Афганистанга

мунай зат экспорттолуп жатканын жарыялады. Ушул жуманын башында тажикстан тарапка

бараткан бензовоздордун видеосу интернетте жарыяланды. Чек ара кызматы аны четке каккан.