Быйыл дүйнөдө камакка алынган журналисттердин саны 20 пайызга өстү

Быйыл дүйнөдө камакка алынган журналисттердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга өстү.

Бул тууралуу  “Чек арасыз кабарчылар” уюму (RSF) дүйнөдөгү басма сөз эркиндигин талдаган

жаңы баяндамасында билдирди. Маалыматка ылайык, 1-декабрга карата дүйнө жүзү боюнча

488 журналист жана медиа кызматкерлери камакта жатат. Бул баш кеңсеси Парижде жайгашкан

уюм өз баяндамасын чыгара баштаган соңку 25 жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Журналисттерди эң көп камаган өлкөлөрдүн башкы саптарында Кытай (127), Бирма (53),

Вьетнам (43), Беларус (32 журналист) турат. Быйыл медиа тармагында иштеген 46 адам

киши колдуу болду. Бул 1995-жылдан берки төмөнкү көрсөткүч. Уюмдун эксперттери

журналисттер арасында жоготуулардын азайышына Сирия, Ирак жана Йемендеги

жаңжалдардын басаңдаганы себеп болгонун билдиришти. Мексика менен Афганистан

журналисттердин өмүрүнө эң көп коркунуч жаралган өлкөлөр деп мүнөздөлгөн.

Соңку бир жылда Мексикада 7, Афганистанда 6 журналист киши колдуу болгон.