Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын
президентинин администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда,
кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара Кыргыз футбол
биримдигинин демилгеси менен уюштурулган. Аталган турнирдин башкы
максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле
сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет. Беттештерге президенттин
администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга
маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн,
бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.
Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын
баракчаларында чагылдырылат. Түз эфир башталышы — 13:45.