Талас облусунда ири спорт комплекс курулат.
Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Маалыматка караганда, объект Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында
жайгашат жана ал заманбап форматта салынат. Курулуш
иштерине 50 миллион сом жумшоо пландалууда.