Ишкерлер кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Ведомство ишкерлер 2021-жылдын
1-июлунан тартып, ал эми 20 чарчы метрге чейин аянты бар соода түйүндөрү 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жаңы стандарттарга жооп берген ККМ колдонууга милдеттүү экенин эскертет.
Эске салсак, буга чейин Бишкектеги соода борборунун биринде иштеген ишкерлер аппараттарды колдонуудан баш тартып митингге чыгышкан.