Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда 8 пайызга арзандады

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда 8 пайызга арзандады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 24-декабрга карата бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 миң 210 сомду түздү. Анын ортосунда өлкө боюнча көмүргө болгон эң жогорку баалар Ноокатта — 7 миң 764 сом, Баткенде — 7 миң 600… Кененирээк…

Кадамжай районунун Таш-Коргон айылында жаңы медициналык мекеме пайда болду.

Кадамжай районунун Таш-Коргон айылында жаңы медициналык мекеме пайда болду. Райондук администрациядан билдиришкендей, фельдшердик акушердик түйүндүн курулушу толук аяктады, жакынкы аралыкта ал керектүү жабдуулар менен камсыздалат. ФАПтын ишке кириши менен аймактын 700 үй-бүлөгө медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Курулуш иштерине 8 миллион сом жумшалды. Каражат чет… Кененирээк…

Быйыл Балыкчы шаарынын жолун оңдоого 105 миллион сом багытталды

Быйыл Балыкчы шаарынын жолун оңдоого 105 миллион сом багытталды. Калаанын вице-мэри Азиз Асаналиев билдиргендей, кеп, Төлөмүш Океев көчөсү тууралуу болуп жатат. Жалыпысынын тилкенин 5 чакырымын калыбына келтирүү пландалган. Учурда иштер 90 пайызга же 4 чакырымында аткарылды.  Жол менен бирге тротуарт да түшүрүлдү. Иштердин чыгымы Ысык-Көлдү… Кененирээк…

Бишкек мэриясы мектеп окуучуларынын жана бала бакча тарбиялануучуларынын тамак-ашына багытталган каржатты көбөйтүү ниетинде

Бишкек мэриясы мектеп окуучуларынын жана бала бакча тарбиялануучуларынын тамак-ашына багытталган каржатты көбөйтүү ниетинде. Вице-мэр Мирлан Байгөнчөков билдиргендей, окуучулар үчүн 14 сомдон 22 сомго, бакчадагы бөбөктөргө 60 сомдон 120 сомго көбөйтүү пландалууда. Бул максатта жалпысынан 243 миллион сом керектелет. Бул маселе учурда бюджеттик комиссияда каралууда. Белгилеп… Кененирээк…

Бишкекте жер тилкелерди мыйзамдаштыруу иштери уланууда

Бишкекте жер тилкелерди мыйзамдаштыруу иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, 1 миңге жакын арыз кабыл алынып, 300 техникалык паспорт даярдалды. Калгандары кароодо. Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тартып иштеп баштады. Көчмө бригадалар турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзөт, андан кийин техникалык… Кененирээк…

Япониялык окумуштуу тамактын даамын бере турган телевизор ойлоп тапты

Япониялык окумуштуу тамактын даамын бере турган телевизор ойлоп тапты. Бул үчүн болгону ага тамактын буйрутмасын берүү керек. Бир нече мүнөттөн кийин эле аппарат аталган тамактын даамын берип баштайт.   Анын ичинде ар кандай жыпар жыттарды камтыган гаджет орнотулган. Автордун пикиринде, мындай жаңычылдык пандемия учурунда суроо-талапка… Кененирээк…

Төө-Ашууга жана Боом капчыгайына кар жаап, жолдор тайгак болот

Төө-Ашууга жана Боом капчыгайына кар жаап, жолдор тайгак болот.   Синоптиктердин айтымында, туруксуз аба-ырайы бүгүн жана эртең сакталат. Бишкек-Ош жана Бишкек-Торугарт унаа жолдору менен сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы тиешелүү   500 метрлик аралыкты сактап жүрүү сунушталат.   Андан тышкары, жайкы дөңгөлөктөрдү… Кененирээк…

Кыргызстанда жаш балдарга берилчү паспорттун жарактуу мөөнөтү узартылды

Кыргызстанда жаш балдарга берилчү паспорттун жарактуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, эми 1 жашка чейинки балдардын өздүк документи 2 жылга берилсе, 1ден 16 жашка чейинки балдардын паспорттору 5 жыл жарактуу болот.   Эске салсак, буга чейин 16 жашка чейинкилердин… Кененирээк…

Нарында эртең менен жер титиреди

Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Сейсмология институтунун билдиргенине караганда, жер саат 07:59да силкинген. «Нарын районунун Куланак айылында жер титирөө 3,5 балл, Достук, Учкун айылдарында 3 балл, Ак-Булак айылында 2,5 баллга чейин сезилген», — деп айтылат… Кененирээк…

Кыргызстанда ПЦР-тесттерди текшерүү күчөтүлөт

Бул тууралуу 23-декабрда Коронавируска каршы ыкчам штабдын кезектеги жыйынында айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жарандардын вакцинанын бустердик дозасын алуу маселесин көтөрдү. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди. «Оmicron»-штаммынын өлкөгө киришинин жана жайылышынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга… Кененирээк…