Бишкекте эртең айрым көчөлөрдө кыймылга чектөөлөр киргизилет

Бишкекте эртең айрым көчөлөрдө кыймылга чектөөлөр киргизилет. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 31-декабрда Чүй проспектисинде Панфиловдон Эркиндик бульварына чейин жана Абдымомунов көчөсүнүн Орозбеков – Эркиндик бульвары бөлүгү тосулат.   Ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн айдоочулар каттамдарды эртелеп түзүп алышы зарыл.   Белгилеп кетсек, чектөөлөр Ала-Тоо аянтында өтө турган… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы 1,5 эсе көбөйөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы 1,5 эсе көбөйөт. Ведомстводон билдиришкендей, аскер кызматкерлеринин маянасы 1-январдан тарта жогорулайт.   Андан тышкары, алар тиешелүү форма менен камсыздалат. Ал эми министрликте эмгектенген жарандык кызматкерлердин айлыгы мартта көбөйтүлөт, — дешти ведомстводон.

Кайра шайлоого катышуу ниетин алты киши билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн дагы төрт талапкерден арыз түштү. БШКнын 29-декабрдагы маалыматы боюнча, Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин Жаныбек Асанбеков менен Назгүл Жолдошева билдирип, арыз тапшырды. Ал эми Биринчи май округу боюнча… Кененирээк…

Бишкекте жаңы жылдык концерт өтөт

Бишкекте жаңы жылдык концерт өтөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең, 31-декабрда Ала-Тоо аянтында кечки саат 7де майрамдык салтанат башталат. Анда эстрада ырчылары өнөрлөрүн тартуулашат. Муниципалитеттен белгилешкендей, борбордук аянттагы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө жана сактоого өзгөчө көңүл бөлүү тапшырмасы укук коргоо органдарына тапшырылды.

Кайра шайлоого катышуу ниетин 6 адам билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн дагы төрт талапкерден арыз түштү. БШКнын 29-декабрдагы маалыматы боюнча, Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин Жаныбек Асанбеков менен Назгүл Жолдошева билдирип, арыз тапшырды. Ал эми Биринчи май округу боюнча… Кененирээк…

Кыргызстанда энергетикалык компаниялар нөөмөттү күчөтөт

Кыргызстанда энергетикалык компаниялар нөөмөттү күчөтөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти. Жаңы жылдык майрамдарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча буйрук чыкты. Ага ылайык, оперативдик-оңдоо кызматкерлеринин иштөө нөөмөтү бекитилип, график түзүлдү. Электр энергиясы менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураса жоопкерчилик тиешелүү коомчулуктун башкы директоруна жүктөлөт.

Бишкектеги тарых музейи 4 күнгө жабылат

Бишкектеги тарых музейи 4 күнгө жабылат. Мекеменин директорунун милдетин аткаруучу Гүлбара Абдыкалыкова билдиргендей, музей 31-декабрдан 3-январга чейин иштебейт. Убактылуу жабылуу санитардык тазалоо иштерине жана жаңы жылдык майрамдарга карата. Көрүүчүлөр 4-январдан тартып кайрадан экспонаттарга назар салса болот.

Ош шаарында Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы мектеп ачылды

Ош шаарында Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы мектеп ачылды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объект 375 окуучуга ылайык билим берүү мекемесинде окуу класстарынан тышкары, машыгуу, конфенренция, жыйындар жана спорт залдары, китепкана, ашкана жана медициналык кабинет бар. Курулуш иштерине каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берди.

Бишкекте жаңы жылда коомдук унаалар түн жарымга чейин каттайт

Бишкекте жаңы жылда коомдук унаалар түн жарымга чейин каттайт. Бул тууралуу Novosti.kgге мэриядан билдиришти. Андан белгилешкендей, 31-декабрдан 1-январга караган түнү бардык линия боюнча автобус, троллейбус жана маршруттук таксилер саат 1ге чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт. Жаңы жылдын эртеси, 1-январда коомдук унаалар жарым жартылай ишке чыкса, 2синен тартып… Кененирээк…

СССРде төрөлгөндөргө Россия жарандыгын алууну жөнөкөйлөтүү сунушталды

СССРде төрөлгөндөргө Россия жарандыгын алууну жөнөкөйлөтүү сунушталды. Документти президент Владимир Путин Мамдумага жөнөттү. Ага ылайык, мыйзам долбоору СССРдин жарандарына, алардын балдарына, Россияда жашаган жакын туугандары барларга жана башка 20дан ашык категориядагы адамдарга тиешелүү болот. Белгилеп кетчү нерсе, аталган документ күчүнө кирсе адамдын башка жарандыгы болсо… Кененирээк…