Бишкекте эртең айрым көчөлөрдө кыймылга чектөөлөр киргизилет

Бишкекте эртең айрым көчөлөрдө кыймылга чектөөлөр киргизилет. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 31-декабрда Чүй проспектисинде Панфиловдон Эркиндик бульварына чейин жана Абдымомунов көчөсүнүн Орозбеков – Эркиндик бульвары бөлүгү тосулат.

 

Ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн айдоочулар каттамдарды эртелеп түзүп алышы зарыл.

 

Белгилеп кетсек, чектөөлөр Ала-Тоо аянтында өтө турган жаңы жылдык концертке  байланыштуу.