Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы 1,5 эсе көбөйөт. Ведомстводон билдиришкендей, аскер кызматкерлеринин маянасы 1-январдан тарта жогорулайт.
Андан тышкары, алар тиешелүү форма менен камсыздалат. Ал эми министрликте эмгектенген жарандык кызматкерлердин айлыгы мартта көбөйтүлөт, — дешти ведомстводон.