Кайра шайлоого катышуу ниетин алты киши билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн дагы төрт талапкерден арыз түштү. БШКнын 29-декабрдагы маалыматы боюнча, Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин Жаныбек Асанбеков менен Назгүл Жолдошева билдирип, арыз тапшырды. Ал эми Биринчи май округу боюнча Шадыкан Жакыпбекова менен Нурбек Токтакунов шайлоого катышуу ниетин билдиришкен.

 

Буга чейин Гуля Алманбетова (Свердлов округу) менен Элвира Сурабалдиева (Биринчи май округу) БШКга арыз тапшырышкан.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында «баарына каршы» добуш бергендер көп болгон. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо жарыяланат. БШК кайра шайлоо өткөрүүнү 27-февралга белгиледи.

7-чакырылышта 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

29-декабрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы биринчи жыйынын өткөрүп, төрагалыкка “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен келген депутат Талант Мамытовду шайлашты.