Бишкекте жаңы жылдык концерт өтөт.
Мэриядан билдиришкендей, эртең, 31-декабрда Ала-Тоо
аянтында кечки саат 7де майрамдык салтанат башталат.
Анда эстрада ырчылары өнөрлөрүн тартуулашат.
Муниципалитеттен белгилешкендей, борбордук аянттагы
коомдук тартипти көзөмөлдөөгө жана сактоого өзгөчө
көңүл бөлүү тапшырмасы укук коргоо органдарына тапшырылды.