Бишкектеги тарых музейи 4 күнгө жабылат.
Мекеменин директорунун милдетин аткаруучу Гүлбара Абдыкалыкова
билдиргендей, музей 31-декабрдан 3-январга чейин иштебейт.
Убактылуу жабылуу санитардык тазалоо иштерине жана жаңы
жылдык майрамдарга карата. Көрүүчүлөр 4-январдан
тартып кайрадан экспонаттарга назар салса болот.