Кыргызстанда энергетикалык компаниялар нөөмөттү күчөтөт.
Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти. Жаңы жылдык
майрамдарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо
боюнча буйрук чыкты. Ага ылайык, оперативдик-оңдоо кызматкерлеринин
иштөө нөөмөтү бекитилип, график түзүлдү. Электр энергиясы менен камсыз
кылуу үзгүлтүккө учураса жоопкерчилик тиешелүү коомчулуктун
башкы директоруна жүктөлөт.